07:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аты-жөнү гана окшош, кесиптери ар башка мекендештер

Кыргызстанда ал-жайды сураша келсең тууган чыгасың. Ал тургай ысымдары окшошторду кезиктиресиң. Ананчы, алакандай бир ууч элбиз. Бул жолу 24.kg агенттиги аты-жөнү гана окшош, кесиптери ар башка мекендештер тууралуу чакан маалымат даярдады.

Нурзат Токтосунованын фанатысың деп ишенишпейт

Нурзат Токтосунованын жеке архивинен алынды
Фото Нурзат Токтосунованын жеке архивинен алынды. Нурзат Токтосунова

Менин аты-жөнүм Нурзат Токтосунова. Чүй облусунан болом. Ушул жылдын октябрында 22 жашка толом. Атымды чоң апам койгон. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда магистратурада окуп жатам. Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунованы «Хит —парад» телеберүүсү аркылуу тааныйм, жеке тааныш эмесмин. Аты-жөнүң алып баруучунун ысымына окшош деп группалаштарым айтып калышчу. Көп адамдар социалдык тармактарда таанышып калганда Нурзат Токтосунованын фанатысың деп ишенишпейт. Аларга паспорт көрсөтүүгө туура келет.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. алып баруучу Нурзат Токтосунова

Айгүл Чалова деген ырчысызбы деп көп сурашат

Аты-жөнүм Айгүл Чалова, 54 жаштамын. Ош Педагогикалык институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн башталгыч класстарды окутуу факультетин бүтүргөм. Ырчы Айгүл Чалованы ырдап чыккандан бери эле телевидение, радио аркылуу билем. Ырларын жакшы көрүп угам. Фейсбуктан кээде байланышып калабыз. Ырчысызбы деген суроолор көп болот, мен ачыгын эле айтам. Атымды апам мени төрөткөн акушерканын атынан Айгүл деп койгон. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунан болом, кесибим мугалим.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. ырчы Айгүл Чалова

Ысымым ырчы Клара Алибекованын урматына коюлган

Клара Алибекованын жеке архивинен алынды
Фото Клара Алибекованын жеке архивинен алынды. Клара Алибекова

Менин аты-жөнүм Клара Алибекова, жашым 23тө. 1995-жылдары ырчы Клара Алибекова аябай белгилүү болуп, атагы таш жарып турган чагында атамдын бир тууган иниси ысымымды коюптур. Жалал-Абаддан болом, учурда визажист болуп эмгектенем. Социалдык түйүндөрдөн «ырчысыңбы?» деп сурай беришет.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. ырчы Клара Алибекова

Эң көп окулган жаңылыктар