15:41, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Жооп: Динде эч бир кыйноо, мажбурлоо жок. Бул үй-бүлөгө дагы тийешелүү. Сиздин үй-бүлөңүздөгү кыйынчылыктар акчалай тартыштыкка байланыштуу болушу мүмкүн. Жолдошуңуз менен сүйлөшүп, эркек үй-бүлөнү камсыздоого милдеттүү экендигин эскертиңиз. Негизи үй-бүлө — бул аял менен эркектин күнүмдүк эмгегинин үзүрү. Бузуп салуу кургандан бир топко жеңил. Алгач үй-бүлөдөгү маселени чечүүгө бүт аракетиңизди жумшаңыз.