09:43, 05 сентября 2018, Бишкек - 24.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда «Фетхуллах Гүлендин террордук уюму» (ФЕТӨ) күчтүү позицияга ээ деп эсептейт. Бул тууралуу ал Кыргызстандан Түркияга учак менен кайтып бара жатканда, түрк журналисттерине билдирген деп жазат Сабах гезити.
Президент билдиргендей, аталган уюм дүйнөнүн 160 өлкөсүндө бар.
Эске салсак, 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда баш аламандык жаралып, белгисиз күч тарабынан бийликти басып алуу аракеттери болгон. Ага Түркия динаятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн болчу. Учурда дин өкүлү АКШда башпаанек алып жашайт.