«Алдыда чоң тапшырма күтүп турат. Эл аралык меймандарды жылуу тосуп алып, аларга салттуу меймандостукту, кылымдан келе жаткан көчмөндөр маданиятын таанытышыбыз керек», — деди Айнура Темирбекова.
Ыктыярчылар чет элдик басылмалардын өкүлдөрү менен кандай иш алып бара тургандыгы тууралуу маалыматтар менен жакындан таанышышты. Кошумчалай кетсек, англис, немец тили, түрк, араб жана корей тилдерин мыкты билген ыктыярчылар тандалып алынган.