«Манас» эл аралык аба майданынын кызматкерлери «Баатыр эне» орденин таап алышты. Бул тууралуу Facebook баракчасына компаниянын басма сөз катчысы Алия Курбанова жазып чыкты.
14258 номурлуу орденди 21-августта таап алышкан.
«Баатыр эне» ордени менен кыргызстандын жарандары, 7 жана андан ашык балдарды татыктуу тарбиялап өстүргөн аялдарга берилет. Ал президенттин буйругу менен берилет.