22:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте 50 порнографиялык вебкам-студия иштейт

Бишкекте 50 порнографиялык вебкам-студия иштейт. Бул тууралуу тегерек столдо ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери Азамат Жаналиев билдирди.

Анын айтымында, жазык мыйзамында анонимдүү кардарларды акча үчүн онлайн режимде тейлөө көрсөткөн вебкам-студияларын жазалоо каралган эмес.

«Жаңы жазык кодексинде вебкам-студияларды уюштуруу үчүн конкреттүү бир жаза каралган эмес. Кыздар дагы ал жакта модель болуп иштеп жаткандыгы үчүн жоопкерчиликти ала албайт. Негизинен мындай студиялар байкоочу камералары бар чоң турак үйлөрдө орун алган. Аларды текшерүү кыйын», — деди Азамат Жаналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар