Көлгө чөгүп кетти делген жигит аман-эсен табылды

11:34, 02 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарындагы «Сейил» кум жээгинде көлгө чөгүп кетти делген жигит аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, көлгө чөгүп кетти деп изделип жаткан  Б.А. аттуу жарандын сууга чөкпөгөндүгү аныкталды. Ал бүгүн саат 10:00 чамасында аталган кум жээктеги боз үйлөрдүн биринен аман-эсен табылды.

Эске салсак, 1-августта аталган аймакта 23 жаштагы Б.А. аттуу эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу кабар тараган.