14:40, 27 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Орусия Кубанычбек Кулматовдо орус жарандыгы жоктугун белгилейт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
«Бул маалыматты тергөө атайын жаап жашырышып жаткан. Анткени, Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын кароодо анын жарандыгына байланыштуу маселе башкы себеп болгон. Эми биз анын үй камагына чыгарылышын талап кылабыз», — деди ал.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматовго жемкорлук беренеси (303-берене) менен козголгон иштин алкагында айып тагылган. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2014-жылы Бишкек шаарын жетектеген кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз чыгымдаган.
Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук борборун модернизациялаган ТВЕА ишканасы Калыс-Ордого мектеп курууга 2 миллион доллар бөлгөн.