Суроо-жооп. Аскерде кызмат өтөгөн жаран намаз окуй алабы?

10:45, 19 июля 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Жооп: Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн регламентинде дин боюнча айтылбайт. Анткени дин мамлекеттен ажыратылган. Бирок, намаз окууга тыюу салынган эмес. Азыр дагы жоокерлер күзөттөн жана башка иштерден бош убактында намаздын аткара алышат.