11:34, 18 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында акыркы 3 күн аралыгында 5 жаран ѳз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, алардын бирөө көз жумуп, төртөө аман калды.
Эскерте кетсек, Ош суицид боюнча алдынкы катарда. 2018-жылдын беш айында 32 өз өмүрүнө кол салуу фактысы катталды. Ал эми 2017-жылы 300гө жакын өспүрүм жарык дүйнө менен коштошууга аракет кылган.