Токтогул районундагы кырсыктын кесепетинен эки киши каза тапты

11:56, 11 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен эки киши набыт болду. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, 1954-жылы туулган С.С. аттуу айдоочу Лексус RX-400 үлгүсүндөгү унаасын башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кесепетинен унаанын ичиндеги 1958-жылы туулган Г.С. аттуу жүргүнчү алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болду. Ал эми 2009-жылы туулган Ф.Б. аттуу бала кырсык болгон жерде көз жумган.

Бишкек шаарынын 35 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну 11 жаштагы кызы экөө жаракат алып, Токтогул райондук ооруканага жаткырылды.