Бишкек-Ош жолундагы кырсыкта төрт жашар бала набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, 10-июль күнү саат 16.00дө жолдун 222-чакырымында жол кырсыгы катталган. Токтогул райондук ооруканага 1985-жылкы, 2007-жылкы Бишкек шаарынын тургуну жана 1958-жылкы Жалал-Абад шаарынын тургуну жеткирилет.
Төрт жашар бала кырсык болгон жерде мерт кетти.