10:20, 19 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Москва шаарында топ кишини сүзүп алган кыргызстандык жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Таган райондук соту айдоочуну эки айга камакка алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 16-майда Кыргызстандын жараны жүргүнчүлөрдү унаасы менен сүзүп алган.