Ички иштер министринин орун басары кызматтан кетти

16:18, 18 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров кызматтан кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.



Маалыматка таянсак, Данияр Абдыкаров өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Анын ордуна милициянын полковниги Мирлан Каниметов дайындалды. Аталган буйрукка өкмөт башчы кол койгон.

Эскерте кетсек, Данияр Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басарлык кызматын аркалап келген.