Новопокровка айылындагы № 3 түзөтүү колониясында 2 киши ачкачылык жарыялашкан

12:00, 13 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылындагы №3 түзөтүү колониясында 2 соттолуучу ачкачылык жарыялап, 3 күндөн кийин тамак жеп башташты. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, абактагы 2 киши айып изоляторуна которбоону талап кылып ачкачылык жарыялашкан. Алар баңгиликтен дарыланып жаткандыктан айып изоляторуна которууга болбой тургандыктарын билдиришкен.

Билдирүүгө ылайык, ачкачылык акциясы 9-июнда башталган.