Кыргызстан социал-демократтар партиясынын кезексиз жыйынын өткөрүү аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Сагынбек Абдрахманов Facebook баракчасында билдирди.
Анын айтымында, жыйында мурдакы президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу сунушу каралат.
«Алмазбек Атамбаев бүгүн КСДПнын тарыхый жетишкендиктеринин артына жашынып жатат. Ал «Бакиевдин куйруктары» Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду досу катары көрсөтүп, өзүнүн эки жүздүүлүгүн жарыялап турат. Биздин досторубуз 7-апрелде жемкорлук менен кландык бийликке каршы күрөшүп набыт болду. Атамбаев бийликке келип мансапты Максим Бакиевдин кызматкерлерине, өзүнүн айдоочусуна жана жан сакчыларына берди» — дейт ал.
Белгилей кетсек, Сагынбек Абдрахманов 2017-жылкы президенттик шайлоо партиядан альтернативдүү талапкер катары көрсөтүлгөн. Анда КСДПнын айрым мүчөлөрү Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги менен макул болгон эмес.