08:58, 06 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ мурунку энергетика министри сурак берүүгө чакырылган. Сурак 6 саатка созулду. Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (жемкорлук) менен кылмыш иши козголду.
Билдирүүгө ылайык, 2012-2013-жылдар аралыгында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда «Электр станциялары» ААКсына 4 ири компаниядан сунуш түшкөн.
«2013-жылдын 24-майында КР президентинин резолюциясы менен энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахмедовадан биргелешкен кат келген. Анда Кытайдын «ТВЕА» компаниясы менен келишим түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдук берүү туура экендиги жазылган.
Ошол эле жылы Осмонбек Артыкбаев жогоруда аталган компания менен келишим түзүү үчүн бир нече ирет жыйындарды өткөргөн. Энергетика министри өзүнүн орун басары Айбек Калиев, «Электр станциялары» ААКсынын директору Салайдин Авазов жана анын орун басары менен биргелешип келишимге эртерээк кол коюуга ашыккан. Алар талапка ылайык техникалык-экономикалык негиздерди, тагыраагы, техникалык документтерди «ТВЕА» компаниясынан талап кылган эмес.
Натыйжада 2013-жылдын 16-июлунда «Электр станциялары» ААКсы менен кытайлык «ТВЕА» компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо боюнча келишимге кол коюлат.
«ЕРС» келишиминин шарттары боюнча, «Электр станциялары» ачык акционердик коому курулуштун жүрүшүнө кеткен чыгымды көзөмөлдөө жана кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Эсептөө палатасынын ушул жылдын 12-апрелиндеги актына ылайык, жогорудагы келишимди бекитүүдө сметанын негизиндеги деталдуу эсептер жана каражаттын жумшалышынын конкреттүү сметасы болгон эмес.
Анализдер мындагы айырма 20 миллион доллар экенин көрсөтүүдө. Коротулган чыгымдар өзүн-өзү актабагандыгы мамлекеттик активдерге коркунуч жаратат», — деп билдирди Башкы прокуратура.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.