Бажы кызматы: Кытайдан импорттолгон товарлар жалпы көлөмдүн 70 пайызын түзөт

11:05, 05 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга импорттолгон товарлар былтыркы жылдын январь-февраль айларына караганда 94 пайызга өскөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Анын айтымында, бюджетке келип түшкөн төлөмдөрдүн өсүшү, импорттун кескин көбөйүшүнө байланыштуу.

Маалым болгондой, январь-февраль айларында 413 миллион долларга товарлар импорттолгон. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 200 миллион долларга көбөйгөн.

«Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү Кытай. Кытайдан импорттолгон товарлар жалпы көлөмдүн 70 пайызын түзөт. 2 ай аралыгында коңшу мамлекеттен Кыргызстанга 301 миллион долларга товар кирген», -деди Алмаз Оңолбеков.