Кипрде набыт болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди

09:03, 30 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Түндүк Кипр Республикасынын Гирне шаарында өзүнүн батиринин терезесинен кулап түшкөн кыргызстандык Садырбек Алымбековдун сөөгү Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

27 жаштагы Кыргызстандын жараны 27-майда өзүнүн батиринин терезесинен кулап кетип, ооруканага жеткирилген. Ал аталган шаардагы казинолордун биринде иштеп келген.