04:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нарын менен Ысык-Көлдө калың кардан малчылардын койлору кырылды

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда калың жааган кардын кесепетинен, 200 кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ түнү Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек аймагында кар калың жааган. Анда чабандын 200 кою кырылып калды.

Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосунда 5 чабандын 112 койу жана 1 уйу кырылды.

Куткаруучулар жерине барып, кардын астынан өлгөн малдарды чыгарып, сарайларды кардан тазалашкан.

Айрым маалыматтарга таянсак, 23-майдан 24-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында калыңдыгы 20-25 сантиметрге жеткен кар жаады.

Эң көп окулган жаңылыктар