Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов УКМКда 4 саат бою сурак берди

14:31, 21 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов УКМКда 4 саат бою сурак берди. Эртең менен саат 10.00дө башталган сурак азыр аяктады.

«Мага коюлган айыптын негизин түшүнбөйм» — деди ал.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго жемкорлук боюнча айып тагылган. Ага чет жерге чыгууга да тыюу салынган. Тергөөнүн жоромолу боюнча, ал 2014-жылы Бишкектин мэри болуп турган убагында 2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган.