Согуш ардагерлерине берилген белек. Жооп акимиатка жүктөлдү

11:58, 21 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Уулу Ата-Мекендик согуштун Бишкек шаарында жашаган ардагерлерине берилген белек үчүн Ленин райондун акимиаты күнөөлүү. Бул тууралуу Светлана Байтиковага Бишкек шаарынын Ленин райондук Социалдык коргоо башкармалыгынан билдиришти.

Светлана Байтикова ардагерлерге делген белектер үчүн каралган 10 миң сомду ким менчиктештирип алганын, баштыктарга тиштелген жарты печеньелерди ким салып алып келгенин териштирүүнү улантууда.

Ал Facebook баракчасына окуя боюнча түшүндүрмө алууга аракет жасаган кезектеги видеосун жүктөгөн. Ленин райондук социалдык коргоо Башкармалыгы, суроолорго жооп берүү үчүн башчысы жана аким администрацияда күтүп жаткандыгын айтышкан.

«Баштыкка салынган азык-түлүктөр тизмесинде кол коюлуп турат. Мындан улам, мен видеого толугу менен жоопкерчиликтемин. Мэриянын адистери мага азык-түлүктөрдү сатып алуу тууралуу толук маалыматты беришти. Ленин райондук ардагерлер Кеңеши согуштун катышуучулары менен ооруктун ардагерлеринин тизмесин беришти. Анын негизинде акимиат азыктарды сатып алып, таратышкан. Эгерде ошол азык-түлүктөрдөн турган топтомдор 1 миң 980 сом турат деп эсептесеңер, анда эки эсе уят!», -дейт Светлана Байтикова.