09:20, 15 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте кармалган Казакстан жараны Мурат Тунгишбаев № 1-убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу «24.kg» сайтына анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек тарабынан кабыл алынган.
Эскерте кетсек, оппозициячыл топтун мүчөсү делген Казакстан жараны Мурат Тунгишбаев 10- майда Бишкекте кармалып, камакка алынган.