15:46, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg
Абактагы азиз акын Темирлан Ормуков жүрөгүнөн приступ берди. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Темирлан Ормуковдун жүрөгү буга чейин эле ооруп жүргөн. Бирок тез жардам чакырышкан эмес. План боюнча дүйшөмбү күнү анын иши кайрадан сотто каралмак«, — деди Адил Турдукулов.
2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап, Интернетке жазган ырында «аймак аралык кастыкты козутуунун» белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев жазган.
Кийин Ормуков кайра Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир катар мыйзамсыз иштер боюнча айыптап, милицияга арыз жазган. Анын арызындагы маалыматтар ырасталбай калып, быйыл февраль айында Ормуковго «Жалаа жабуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кийин Октябрь райондук соту Ормуковду «соттук отурумдарга келбей жатат» деген жүйө менен № 1- тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.