09:21, 10 мая 2018, Бишкек - 24.kg
«Аврорада» уулангандардын саны 22 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дагы 4 киши ооруканага кайрылган. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан «24.kg» агенттигине маалымдагандай, учурда 14 киши дарыланууда. Ал эми чет элдик спортчулар сакайып чыккан.
Эскерте кетсек, буга чейин «Аврора» санаторийинде тамактан ууланган 18 киши ооруканага кайрылганы маалымдалган. Алардын арасында кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына катышуу үчүн даярдыктан өтүп жаткан чет элдик спортчулар дагы бар болчу.