АКШдан саясый башпаанек сураган орусиялыктардын саны кескин өстү

09:31, 04 мая 2018, Бишкек - 24.kg

2017-жылы АКШдан 2664 орусиялык башпаанек сурап, алардын саны акыркы 24 жылдагы рекорддук деңгээлге чыккан. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 39% көп. Бул боюнча маалыматты «Настоящее Время» телеканалы АКШнын Ички коопсуздук министрлигине шилтеп жарыялады.

Буга чейинки рекорд 1994-жылы катталган. Анда 2127 орусиялык арыз менен кайрылган.

АКШдан саясий башпаанек сурап кайрылган орусиялыктардын саны беш жылдан бери катары менен өсүүдө. Алгачкы өсүш 2012-жылы, Владимир Путин үчүнчү жолу президент болуп шайлангандан кийин башталган. 2016-жылы мындай өтүнүч менен 1912 адам кайралган. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 31% көп болгон.

Бирок Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль бул сандарга «ишенбей турганын» билдирди:

«Азыр жалган маалыматтар абдан көп, бардыгына этияттык менен кароо керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, АКШдан саясый башпаанек сураган кыргызстандыктардын ичинен КСДПнын мурдакы мүчөсү Ренат Самудинов менен журналист Элнура Молдокадырова белгилүү. Бирок, айрым маалыматтарга караганда алардын өтүнүчү дагы эле канааттандырала элек.