21:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов аял менен дагы деле камакта

Жарандык активист Ренат Самудинов жана анын жубайы журналист Элнура Молдокадырова АКШнын Калифорния штатынын Аделанто шаарындагы атайын жайда дагы деле кармалууда. Тул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШнын компетенттүү органдардын ички регламентине ылайык, башпаанек берүү маселесин кароо иши ачыкталбайт.

"Мындай чектөөлөрдөн улам Кыргызстан жарандары менен байланышууга мүмкүн эмес. Бирок жарандарга кеңеш берүү жана укуктук жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Депортациялоо боюнча иммигарция кызматынын көзөмөлдөө бөлүмү менен байланышта болууда""- деп маалымдайт ТИМ.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын ноябрында жарандык активист Ренат Самудинов жана анын жубайы журналист Элнура Молдокадырова АКШдан башпаанек сурагандыгы белгилүү болгон. Бирок алар Мексика аркылуу АКШга кирүүгө аракет кылып, чек арада кармалган

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума