«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Дуба кыйын кырдаалдан чыгууга жардам береби? Дуба аркылуу дарыланууга болот деген чынбы?
Жооп: Дуба кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн кудайдан жардам суроого багытталган. Бирок, «кудайга ишен,
бирок өзүң да аракет кыл» — дегенди унутпаш керек. Же «кудай сактаганды сактайм» деп айтылган кеп бар. Андыктан, аракет берекет демекчи кудайдан да суранып өзүңүз дагы кыймылдаңыз. Негизи жан дилими менен суранган дуба мусулмандарга жардам берип келет. Ал эми дарыланууда медицинага кайрылуу туура.