УКМК Сапар Исаковду суракка алып бүттү

17:33, 26 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Экс-премьер-министр Сапар Исаков сурак берип бүтүп, УКМКнын имаратынан чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын тышка чыкканына күбө болгон булактар билдирди.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек электр жылуулук борборун модернизациялоо маселесине байланыштуу УКМКга суракка чакырылган.

Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси боюнча айыпталууда.