12:10, 25 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Белгилүү ырчы Эркин Мукашев Владимир Цай тартып алып, интернетке жайгаштырган тасмадагы окуянын чоо-жайын «24.kg» агенттигине түшүндүрдү.
Анын айтымында, ырчы дүкөндүн туруктуу кардары. Кожоюуну жана сатуучулар менен дагы достук мамиледе.
Эркин Мукашев бул окуя жана интернеттеги кызуу талкуу үй-бүлөсүнө кедергисин тийгизгенин белгиледи.
«Мени аялым менен ажырашып, ошого кыжырланып жүргөндүктөн ушундай кырдаалга туш болду» — деп жазышыптыр.
Интернеттеги маалыматты балдарымдын классташтары дагы окуп, ал бүгүн мектепке барбаптыр. Мектепте «ата-энең ажырашкан турбайбы» деп айтып, кемсинткендер болуптур. Аялым ыйлап, 8 жашар баламды башка мектепке котором дейт. Мен али ажыраша элекмин. Болгону таарынышып кеткенбиз
Эркин Мукашев
Эскерте кетсек, Владимир Цай Facebook баракчасына жайгаштырган видеосунда Эркин Мукашев сатуучу кызды атып салам деп коркутканы айтылат.