15:58, 19 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Көпчүлүк коалиция жыйынга чогулуп, курамын кеңейтүү чечимин кабыл алды. Анын курамы «Республика — Ата Журт» фракциясы менен толукталды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк коалициясынын курамын кеңейтүү сунушун СДПК, «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бир добуштан колдогон.
Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» оппозицияда калды.