Исаков отставкага кетмей болду. Парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү

11:02, 19 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү сунушун колдоду. Мындай чечим бүгүн, парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен», «Република — Ата-Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн 2017-жылга болгон отчётун канааттандырарлык эмес деп таап, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун киргизген. Кийинчерээк, аталган маселе боюнча парламент төрагасына кат жолдошкон.

Сапар Исаковдун өкмөтүнө 101 депутат ишенбөөчүлүк көрсөтсө, 5 гана депутат каршы добуш берген.

Фото