09:44, 12 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түн ичинде эч кандай мыйзамсыз иш аракеттер катталган эмес.
Эскерте кетсек, кечээ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман аймагындагы «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишканасынын курулушуна каршы болгон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, фабриканы өрттөп жиберишкен.