Кара-Дарыянын жээгине убактылуу дамба орнотулуп, суунун агымын башка жакка буруу аракети көрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Эскерте кетсек, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында Кара-Дарыянын деңгээли
көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 гектар үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 гектар жерин азыркы учурда суу каптаган.
Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда.