10:32, 11 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Сентябрдан тартып Бишкекте газ менен жүргөн 150 автобус кызмат көрсөтө баштайт. Бул тууралуу калаа башчысы Албек Ибраимов Мыкты эл аралык практик аталышындагы форумда билдирди.
Анын айтымында, 52 троллейбус июндан тартып каттамга коё берилет.
«Бул билет алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн, заманбап ыкмасы. Мындай терминалдар аялдамаларга орнотулат. Жаңы келген автобустар жана троллейбустар төлөмдү электрондук карта менен кабыл ала баштайт», — деди ал.