Бишкекте дүкөндүн жанынан ара төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды

11:26, 04 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Бөкөнбаев жана Герцен көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн жанынан баштыкка оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

«Болжол менен 4-5 айлык экен. Өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн ал экспертизага жиберилди», — деп маалымдайт басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов.

Учурда ымыркайдын энесин талуу үчүн иликтөө иштери жүрүп жатат.