16:56, 03 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Былтыр маршруттук таксилердин катышуусунда жалпы 626 кырсык катталып, 63 адам каза болгон. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда маалым болду.
Маалыматка ылайык, маршруттук таксилердин катышуусунда катталган жол кырсыгынан 1164 адам жабыркаган.
Ал эми мэриянын маалыматына ылайык, 2017-жылы Бишкектен маршруттук таксилердин катышуусунда 252 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон.