Президент юстиция министринин кызматтан кетүү арызын кабыл алды

12:02, 03 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Уран Ахметов юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эскерте кетсек, Уран Ахметов кечээ оз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын берген.