09:08, 03 апреля 2018, Бишкек - 24.kg
Орусиянын Рязань облусундагы М-5 трассасында жол кырсыгына кабылгандардын экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү билдиришти.
Диаспора өкүлдөрү Рязань облусттук ооруканасында жаткан мекендештерибизден кабар алып келишти.
Орусиядагы мекендештер жабыркагандарга жардам топтоодо.
Эскерте кетсек, 1-апрель күнү саат 09:30 чамасында Рязань облусунун Шацкий районунда, Урал М5 унаа жолунун 377-чакырымында «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги электр карагайын сүзүп алган. Анда 8 Кыргызстандын жараны жабыркаган.