14:55, 29 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Сапар Исаков Кеңештин жыйынына катышуу алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек-ара кызматташтыгын мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча перспективалар талкууланды.