11:26, 29 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Казарман-Актал-Чат унаа жолу бир тараптуу калыбына келди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 27-мартта, саат 22:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Союл дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен Казарман-Актал-Чат жолунун 18 чакырымдан 25 чакырымга чейинки бөлүгү желген. Жол жабылып, аны тазалоо иштерине ӨКМнын 10 кызматкери тартылган.
Унаа жол бир тараптуу ачылып, тазалоо иш-чаралары улантылууда.