10:38, 29 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Сапар Исаков башында турган кыргыз өкмөтүнүн делегациясын «Достук» чек ара бекетинен Андижан облусунун губернатору Шухрат Абдурахманов салтанаттуу тосуп алды.
Эскерте кетсек, бүгүн Сапар Исаков Кыргызстан жана Өзбекстан чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйынынын ишине катышат. Өзбек делегациясын премьер-министр Абдулла Арипов жетектейт.
Алгачкы Кеңештин жыйынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Кыргыз делегациясынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш региондордун аймактык органдарынын жетекчилери бар.