Кыргызстанда таза суу тарифин карап чыгуу сунушталууда

12:10, 28 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда таза суу тарифин карап чыгуу сунушталып жатат. Бул тууралуу бүгүн суу долбоорлору боюнча отурумда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Адбиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө таза суу жетиштүү, бирок ал үнөмдүү колдонулбай жатат. Бул сууга болгон тарифтин төмөндүгүнөн.

«Бишкекте таза суунун кубометри 5 сом, ал эми дүкөндөн жарым литр сууну 12 сомго сатып алабыз. Учурда шаар мэрлери жана акимдер тарифти өз баасынан 40-60 пайызга төмөн коюуда. Андыктан аны кайра карап чыгуу керек » ,- Бактыбек Абдиев.