Бишкекке жаңы троллейбустар алынып келди

09:38, 26 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын насыялык жана гранттык линиясынын негизинде Бишкекке жаңы троллейбустар алынып келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сатылып алынуучу 37 троллейбустун бешөө Бишкекке келди, дагы төртөө бир жума аралыгында келип калат. Орто кабаттуу жаңы троллейбустар жүз кишиге ылайыкташкан, отуруучу орундардын саны 27, эшиктеринде майыптар үчүн пандус дагы орнотулган.