09:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекке жаңы троллейбустар сатылып алынат

Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын насыя жана грант линиясынын негизинде Бишкек троллейбус башкармалыгы 7 млн еврого 52 жаңы троллейбус сатып алат. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, орто кабаттуу жаңы троллейбустардын биринчи партиясы Россиядан сатылып алынат. Жеткирүүчү болгон «Тролза Маркет» ишканасы 15 троллейбусту 21- мартка чейин жеткирип берет. Экинчи партия 16-майда алынып, 22 троллейбус келет.

Андан тышкары 4- майда жана 8- июнда «Белкоммунмаш» ишканасы Беларусиядан 15 аз кабаттуу троллейбус алып келет.

Аз кабаттуу троллейбустун бир даанасынын наркы 168 миң евро болсо, орто кабаттуу троллейбустардын бир даанасы 122 миң еврого сатылып алынат. Тактап айтканда, сатылып алынуучу 52 троллейбустун наркы 7 млн еврого жетет.

Троллейбустар учурдагы № 2, 6 жана 15 каттамдар аркылуу жүрөт. Жол кыймылынын схемасы азыр деле иштеп жатат. Учурда Бишкекте 131 троллейбус бар. Алардын 127си жүргүнчүлөр үчүн болсо, үчөө окуучулар үчүн, ал эми бирөө жүк ташуучу троллейбус. Күн сайын линияга 100-110 троллейбус чыгып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби