Осмоналиев кылмыш ишинин кайра ачылышын саясий буйрутма катары баалады

12:11, 22 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев жабылган кылмыш ишинин кайра ачылышын саясий буйрутма катары баалады. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара алуу» беренелеринин негизинде козголгон иш 2015-жылы жабылган. Аны менен бирге Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору жана мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков дагы айыпталган.

«Учурда аларга эч кандай доо коюшкан жок. Мени дагы жайыма коюшат деп ойлогом. Бирок Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ишти Баш прокуратурага өткөрүп, мага Кыргызстандын аймагынан тышкаркы чыкпоону буйруду. Мен муну саясий буйрутма катары баалайм», — деди Каныбек Осмоналиев.

Ошондой эле ал эки жолу сурак бергенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2014-жылы УКМК Кыргыз-Орус Славян университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда абитуриенттер ошол кездеги Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы маалымдалган. Жабылган кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу быйыл 23-январда кайра ачылды.