Суроо-жооп: Күйөөм иштесе беш маал намаз окуй албастыгын айтып, үйдө олтурат

16:18, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жолдошум иштебей үйдө олтурат. Анын айтымында, иштесе беш маал намазы үзгүлтүккө учурайт. Үйдө олтуруш үчүн эле намаз окугандай сезилет. Аны күчтөп жумушка чыгарсам, күнөөгө батамбы?

Жооп: Эгер ал иштебесе, демек үй-бүлөсүнүн башка киреше булагы болсо керек. Же, жубайы акча иштеп

табат. Албетте намаз иштебей, үйдө олтурганга эч качан себеп боло албайт. Эркек биринчи кезекте өз үй-бүлөсүн багуусу керек. Ошондо ал кудай алдында ак болот. Жолдошуңузду күчтөп эмес, сүйлөшүп, жумушка чыгарсаңыз болот. Аны менен сиз ага адам катары өсүүгө жана үй-бүлө алдында мусулман катары милдетин аткарууга гана түртөсүз.

Анүстүнө, жумушта эч качан биз үчүн толук шарттар түзүлбөйт. Киши жумушка карата ыңгайлашуусу зарыл.

Фото