15:19, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Өзгөндө тамактан ууланган балдардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Ош шаардык ооруканасынын Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Кайрат Абжалов билдирди.
Эскерте кетсек, 12-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда тамактан ууланган он жети киши ооруканага жаткырылган. Алардын арасынан 5 бала Ош облустук ооруканасына жаткырылып, үчөөнүн абалы оор болгондуктан кайра жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө которулган. Алар кышка даярдалып жасалган салаттан ууланган.