Латвияда билим алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 1-апрелде аяктайт

11:47, 19 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Латвияда билим алып же изилдөө жүргүзүү үчүн Кыргызстандын студенттеринен жана мугалимдеринен арыздарды кабыл алуу 1-апрелде аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Арыздарды кабыл алуу 1-февралда башталган. Арыз бергендер 2018-жылдын июнунда жооп алат. Окуу 2016-жылы Кыргызстан менен Латвиянын өкмөттөрүнүн макулдашуусунун негизинде ишке ашууда. Окутуу латыш тилинде жүргүзүлөт, бирок айрым программалар жана курстар англис тилинде.