15:57, 15 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Бакиров Ош-Бишкек жолунун кар көчкү көп түшкөн аймактарына галерея курууну сунуштады.
Эл өкүлү Ош-Бишкек жолундагы Көчкү-Булак аймагына түшкөн көчкү жыл сайын кайталанып келе жатканына токтолду.
Эскерте кетсек, 13- мартта, болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек — Ош жолуна 2,5 миллион кубометр кар көчкү түшүп, жол үч күнгө жабылган.